Кикбоксер на ринге

Алексей Федосеев дүйнөлүк чемпион титилун коргоо үчүн мушташат

20
(жаңыланган 08:01 22.12.2014)
Кыргызстандык кикбоксер Алексей Федосеев К-1 версиясы боюнча апрелде дүйнөнүн чемпиону титулун коргойт.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпоину Алексей Федосеев өзүнүн дүйнө чемпиону титулун сактоо үчүн рингге чыга турганын Кыргызстандын кикбоксинг боюнча федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Федосеев беттешти 2015-жылдын 11-апрелинде өткөрүү тууралуу келишимге кол койду. Кыргызстандык мушкер франциялык кикбоксер Фабио Пинка менен күч сынашат.

Алексей Федосеев дүйнө чемпиону наамын 2014-жылдын 17-июнунда Бишкекте болгон беттеште жеңип алган. Ал бразилиялык мушкер Эмерсон Фалькао менен 65 кг. салмакка чейинки категория боюнча беттешип, аны уткан.

20
Белгилер:
Эмерсон Фалькао, Фабио Пинка, Алексей Федосеев, Монака
Тема боюнча
Кыргызстандын командасы "Хоккей жомогу" Евразия кубогуна даярданууда
Футбол боюнча КР курама командасы ФИФАнын рейтинги боюнча 152-орунга чыкты
КР футбол курама тобу Кытайдын командасы менен матч-реванш өткөрөт
Пикирлер