Кыргызстандык жаш футболчулар Японияда өтчү турнирге катышууга даярданууда

© Фото / Федерация футбола КРЮные футболисты Кыргызстана готовятся к турниру в Японии
Юные футболисты Кыргызстана готовятся к турниру в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаш спортчулар 15 жашка чейинкилер арасында Японияда болчу футбол турнирине даярдык көрүүдө.

БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары Японияда өтө турчу турнирге даярданып жатканын Футбол федерациясы билдирди.

Турнир 23-30-март күндөрү Осаке шаарында өтөт. Ага Афганистан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Япония мамлекеттеринин курама командалары катышат. Футболчулар 15 жаштан улуу болбошу керек.

Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Самат Суймалиев жетектеп барат. Турнирге катышуу үчүн Японияга машыккан 34 футболчунун он жетиси барат. 

Япониядагы турнир 2015-жылдын сентябрында өтө турчу Азия чемпионатынын (U-16) тандоо оюндарына болгон даярдык этаптарынын бири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0