Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

90
(жаңыланган 16:02 16.02.2015)
Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө.

БИШКЕК, 16-фев — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеште 8 салмак категориясы боюнча 180 балбан күч сынашууда. 

пресс-служба ГАФКиС
Чемпиондук үчүн күрөш

15-февраль күнү өткөн мелдеште 4 салмак категориясы боюнча (59 кг, 71 кг, 80 кг жана 98 кг чейин) жеңүүчүлөр аныкталды.

Аталган иш-чара Азия чемпионатына жана лицензиялуу дүйнөлүк чемпионатка болгон даярдык болуп эсептелет.

Түрдүү салмак категориялары боюнча Арсен Эралиев (59 кг чейин), Аскар Бегалиев (71 кг чейин), Самат Чоноралиев (80 кг чейин) жана Бексултан Махмудов (98 кг чейин) чемпион болушту.

90
Белгилер:
мелдеш, спорт, грек-рим күрөшү, Бексултан Махмудов, Самат Чоноралиев, Аскар Бегалиев, Арсен Эралиев
Эркин күрөш боюнча мелдеш. Архив

Эркин күрөш. Өлкө биринчилигинде КРдин курама командасы аныкталат

53
Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасы аныкталат. Мыктылардын баары катышары айтылууда.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 29-30-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен улуттук курама команда аныкталат.

"Баары катышат. Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасын аныктайбыз. Ошондуктан мыктылардын баары катышышы зарыл. Өткөн жылы дүйнөлүк аренада күрөшүп келген айрым балбандар мелдештен боштулган болчу, быйыл машыктыруучулардан мындай билдирүү бизге келе элек", — деген ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү учурда Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. 11-январда башталган иш чара 29-январга чейин уланат.

53
Белгилер:
курама команда, Мелис Турганбаев, чемпионат, эркин күрөш
Тема боюнча
Жоламан Шаршенбековдой эч качан багынбаш керек! UWW балбан тууралуу ролик даярдады
Түркиянын суперлигасынын Сивасспор командаларынын футболчулары. Архивдик сүрөт

Түркиялык команда "көрүнбөгөн" атаандаш менен футбол ойноду. Сүрөттөр

130
(жаңыланган 18:06 18.01.2021)
Беттешкен команданын бири ак түстөгү кийимчен чыккан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып оюнчулар көрүнбөй калган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.

​Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.

​"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1  менен бүткөн.

​Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.

130
Белгилер:
талкуу, социалдык тармак, окуя, Түс, ак, кар, Түркия, футбол
Тема боюнча
Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео
Футбол академиясынын түзүүчүсү: боосун байлай албаган балдар да келип тыңып кетет
Футболчу Вальбуэнанын керемет пасы голго айланып, жеңишке жеткирди. Видео
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив

Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео

202
(жаңыланган 00:03 19.01.2021)
Милиционерлер маршрутка маселесинен улам аялдамаларда калган бишкектиктерге жардам берип, үйлөрүнө жеткирип жатышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.

Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.

Мэриядан бүгүн калаадагы 1350 микроавтобустардын 400-450сү ишке чыкты деген маалымат берген. Шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук каттамдардын 90 пайызы кадимки калыбында иштеп жатат дешкен. Ал эми кечкурун аялдамаларда эл топтоло баштап, коомдук транспортту күткөндөр көбөйгөндө Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршрутка боюнча кырдаал турукташкандыгын, ал эми жогорудагы көрүнүш автотыгын менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жообун айткан.

202
Белгилер:
жардам, милиция, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео