ММАнын күрөшчүсү Монсон "Мекен-эне" эстелигинин сүрөтүн денесине чектирди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСмешанные единоборства. Поединок между Ф.Емельяненко и Д.Монсоном
Смешанные единоборства. Поединок между Ф.Емельяненко и Д.Монсоном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык түйүндөргө ММАнын гладиатору, америкалык Жефф Монсондун бутуна "Мекен-эне" эстелигинин элеси чегилген сүрөтү чыккан.

БИШКЕК, 4-мар — Sputnik. ММАнын гладиатору, америкалык Жефф Монсондун сол санын эми Волгоград шаарындагы "Мекен-эне чакырат!" эстелигинин сүрөтү кооздоп турат деп билдирет РИА Новости.

Аны денеге сүрөт тартуу боюнча москвалык чебер чегип, ВКонтакте соцтүйүнүнө сүрөтүн чыгарган.

Монсон Россияда жакшы таанымал. Аралаш кармаштар боюнча РФте өткөрүлүүчү түрдүү таймаштарда жеке катышкандан тышкары, оор салмактуу күрөшчүнүн атагын жеңил ойлуу кыздар чыгарды. Жакында эле ал Россия Федерациянын жараны болуу ниети жөнүндө билдирген. Ал эми "Оплот-108" турниринде Владимир Непочатов менен болгон жиу-житсу кармаштан кийин алган бардык гонорарын Донбасстын жашоочуларына которуп, бүткүл дүйнөнү украин элине жардам берүү акциясына катышууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0