"Барселона" менен "Ювентус" Чемпиондор лигасынын кийинки раундуна өттү

© REUTERS / Carl Recine Livepic"Барселона" менен "Ювентус" Чемпиондор лигасынын кийинки раундуна өттү
Барселона менен Ювентус Чемпиондор лигасынын кийинки раундуна өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондор лигасынын чейрек финалы үчүн болгон матчта "Боруссия" "Ювентус" командасына утулса, "Барселона" командасы "Манчестер ситини" утуп, чейрек финалга чыкты

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Чейрек финалда ойной турчу кийинки командалар аныкталды. Алар "Барселона" менен "Ювентус" командалары.

Шаршембинин түнүндө "Сигнал Идуна Парк" стадионунда өткөн матчта "Ювентус" үй ээси "Боруссия" командасын 3:0 эсебинде утту. Оюндун жүрүшүдө Тевес эки гол киргизсе, Мората акыркы үчүнчү голду тээп, атаандаштарына жеңилүү ызасын тарттырды. Буга чейин Туринде болгон матч да 2:1 эсебинде "Ювентустун" пайдасына чечилген.

Ошондой эле, "Барселона" өз үйүндө "Камп Ноу" стадионунда "Манчестер Сити" командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун жалгыз голун 30-мүнөттө Ракитич киргизди. "Манчестер Ситинин" оюнчусу Агуэронун гол киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок ал пенальти тобун дурустан тебе албай калды. Буга чейин Манчестерде болгон оюн дагы 2:1 эсебинде "Барселонанын" пайдасына чечилген.

Ошентип, Чемпиондор лигасынын чейрек финалына "Реал" (Испания), "Порту" (Португалия), "Бавария" (Германия), "ПСЖ" (Франция), "Атлетико" (Испания), Монако (Франция), "Ювентус" (Италия) жана "Барселона" (Испания) командалары өттү.

Жарым финалдын чучукулак кармоосу 20-мартта УЕФАнын Ньон шаарындагы штаб-квартирасында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0