Чемпиондор лигасынын чейрек финалында бир-бири менен беттешчү командалар аныкталды

© Фото / UEFAВ штаб-квартире УЕФА в швейцарском Ньоне в пятницу прошла жеребьевка четвертьфинала Лиги чемпионов по футболу.
В штаб-квартире УЕФА в швейцарском Ньоне в пятницу прошла жеребьевка четвертьфинала Лиги чемпионов по футболу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын эң күчтүү 8 футболдук клубдары беттеше турчу Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын оюндары 14-15-апрелде өтөт. Кийинки оюндар 21-22-апрелде болот.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын штаб-квартирасында Чемпиондор лигасынын чейрек финалы үчүн чучукулак кармоо болду.

Чейрек финалга "Реал" (Испания), "Порту" (Португалия), "Бавария" (Германия), "ПСЖ" (Франция), "Атлетико" (Испания), "Монако" (Франция), "Ювентус" (Италия) жана "Барселона" (Испания) командалары чыккан.

Чучукулактын негизинде бир-бири менен ойной турчу командалар төмөнкүчө аныкталды.

  • "ПСЖ – "Барселона"; 
  • "Атлетико" – "Реал"; 
  • "Порту" – "Бавария"; 
  • "Ювентус" – "Монако".

Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын оюндары 14-15-апрелде, кийинки оюндар 21-22-апрелде болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0