Футбол боюнча КР курамасынын Чемпионат-2018дин алкагындагы атаандаштары аныкталды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол боюнча КР курамасынын Чемпионат-2018дин алкагындагы атаандаштары аныкталды
Футбол боюнча КР курамасынын Чемпионат-2018дин алкагындагы атаандаштары аныкталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо айлампасынын алкагында Кыргызстандын курама командасы Бангледештин командасы менен 2015-жылдын 11-июнунда экинчи тараптын талаасында ойнойт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2018-жылы боло турчу дүйнөлүк чемпионаттын алкагында өтө турчу тандоо айлампасында Австралиянын, Иорданиянын, Тажикстандын жана Бангладештин командалары менен ойной турганын Футбол боюнча Кыргызстандын федерациясы билдирди.

14-апрелде Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында чучукулак кармалды. Анын жыйынтыгында Кыргызстан "В" группасына түштү.

Чучукулак кармоонун жыйынтыгында командалар төмөндөгүдөй топторго бөлүндү: 

  • "А" тобу: Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Аравиясы, Палестина, Түштүк Тимор, Малайзия;
  • "B" тобу: Австралия, Иордания Тажикстан, Кыргызстан, Бангладеш;
  • "С" тобу: Кытай, Катар Мальдив аралдары, Бутан, Гонконг;
  • "D" тобу: Иран, Оман, Индия, Түркмөнстан, Гуам;
  • "Е" тобу: Япония, Сирия, Афганстан, Сингапур, Камбоджа;
  • "F" тобу: Ирак, Вьетнам, Таиланд, Индонезия, Кытай Тайпейи;
  • "G" тобу: Түштүк Корея, Кувейт, Ливан, Мьянма, Лаос;
  • "Н" тобу: Өзбекстан, Бахрейн, Филиппиндер, Корей элдик демократиялык республикасы, Йемен.

Кыргызстандын курамасы алгачкы беттешин 11-июнда Бангладештин командасы менен алардын талаасында беттешет, 16-июнда өз үйүндө Австралиянын командасы менен ойнойт. 3-сентябрда Иорданиянын командасы менен алардын үйүндө ойносо, 8-октябрда Тажикстандан командасын Кыргызстанда кабыл алат.

Бангладештин командасы менен 13-июнда Кыргызстанда беттешет, 12-ноябрда Австралиянын командасы менен алардын талаасында күч сынашат. 17-ноябрда Иорданиянын командасы менен алардын үйүндө ойнойт. Ал эми 2016-жылдын 29-мартында Тажикстандын командасы менен алардын талаасында ойношот.

Чемпионаттын жыйынтыктоочу финалдык беттештери 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Россияда өтөт. Жалпысынан 32 команда беттешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0