БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер мушташ боюнча Москвада өткөн дүйнөлүк чемпионатта жети медаль утушканын "Россия для всех" сайты маалымдады.
Өткөн жумада Россиянын борборунда үчүнчү дүйнөлүк чемпионат өтүп, ага 40тан ашык мамлекеттен келген спортчулар катышкан.
Чемпиондук наам үчүн Бишкектен барган жана Москвада жашап жаткан кыргызстандыктар күч сынашты. Ошондой эле чемпионатка кыздар да катышты.
Кыздар арасында алтын медалды Альбина Мамбетова ээлесе, Айсалкын Жаңыбаева, Назира Алымбекова жана Фарида Пунова коло байгеге ээ болушту.
Москвалык Кубанычбек Токторалиев күмүш медалды жеңип алса, Эсентур Анарбеков менен Иван Винятский коло медаль тагынышты.
Токторалиевдин машыктыруучусу Нургазы Амиркулов белгилегендей, кыргызстандык мушкерлер үчүн бул канааттандарырарлык жыйынтык.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.
Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.
"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.
Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.
"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.
Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларды сыйлаганын кабарлады.
Анда спортко талыкпас эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир катар спортчулар 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттар берилди.
Мэрдин милдетин аткаруучунун чечими менен спортчуларды таптаган машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Хаким Махмудов, Уран Калилов, Кубат Мамбетов, Андрей Тупик, Рахмадил Жуманазаров, Ырысбек Мамышев, Абдужалил Юнусов, Татьяна Борисова 50 миң сомдук сертификат алышты.
Мындан сырткары, мэрия шаардын спортуна кошкон эмгеги үчүн баш калаадагы айрым спорттук мектептердин жетекчилерине ыраазычылык кат жана эстелик белектерди ыйгарганы маалым болду.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаада эки адам уу коргошунга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алар бүгүн, 20-апрелде, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүнө жаткырылган.
"Уулангандар 71 жана 67 жаштагы жубайлар болгон. Алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлду. Бейтаптар узак убакыттан бери тундурманы ичип келгенин, күйөөсү жаңы ичип баштагандыктан кечээ дозасын көбөйткөнүн айтышкан. Ооруканада тиешелүү дарылануудан кийин алардын жүрөк-кан тамырынын иштөөсү калыбына келип, экөөнүн тең абалы турукташты. Интенсивдүү терапия уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик уу коргошунга ууланды делген дагы бир бейтап боюнча маалымат берди. Ал да бүгүн Тез жардам кызматынын унаасы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн.
Бейтаптын каны жана заарасы алынып, лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Буга чейин Бишкектин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.