Тогуз коргоол боюнча эл аралык "Борбор Азия кубогу" Бишкекте өтөт

© Фото / пресс-служба ГАФКиСТогуз коргоол оюну. Архив
Тогуз коргоол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кубок төрт жылдан бери КР тогуз коргоол федерациясы тарабынан уюштурулуп келет. Кыргызстан менен Казастандан келген 150дөй оюнчу акыл күчүн сынашат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча эл аралык "Борбор Азия кубогу" 6-майдан 12-майга чейин өтө турганын уюштуруучулар билдирди.

"Борбор Азия кубогунун" чемпиондугу үчүн Кыргызстан менен Казастандан келген 150дөй оюнчу катышат. Аталган кубок төрт жылдан бери КР тогуз коргоол федерациясы тарабынан уюштурулуп келет.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жеке жана командалык эсепте аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0