Кыргызстандын чек арачылары орус чек арачыларын 4 упай айырма менен утуп алды

Жазылуу
Кыргыз чек арачыларынын тактикалык чабуулдары атаандаштарынын эсин оодарып, жеңишке алып келди. Оюндун жүрүшүндө эки тарап тең болгон аракетин көрсөттү.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы менен Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын КРдеги ыкчам чек ара тобу футбол боюнча жолдоштук мелдеш өткөрүп, кыргызстандыктар атаандашын 6:2 эсебинде утуп алганын аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Чек арачылардын Жеңиш эстафетасы Ошко өтөт
Жолдоштук матч 6-майда өткөн. Кыргыз чек арачыларынын тактикалык чабуулдары атаандаштарынын эсин оодарып, жеңишке алып келди. Оюндун жүрүшүндө эки тарап тең болгон аракетин көрсөттү.

Чек араны коргоодо жогорку даярдыктан тышкары башка мамлекеттин чек арачылары менен болгон жылуу мамиле дагы маанилүү экенин айткан КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев жеңүүчүлөрдү куттуктады.

Мелдештин катышуучуларына Грамоталар ыйгарылып, жеңишке жеткен командага кубок тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0