Кыргызстандык студент Азербайжандын экс-президентинин кубогун жеңип алды

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүШахмат фигуралары. Архив
Шахмат фигуралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прага шаарында кыргызстандык студент шахмат боюнча эл аралык турнирде жыйырмага жакын өлкөнүн катышуучуларынын ичинен жеңүүчү болуп чыкты.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандык студент Кайрат Чекиров Азербайжандын туңгуч президенти Гейдар Алиевдин элесине арналган турнирде жеңүүчү болду. 

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына катышат
Чехиядагы Агрардык университетте окуп жаткан 21 жашар Кайрат Чекиров Азербайжандын биринчи президенти Гейдар Алиевдин урматына өтүп жаткан шахматтык турнирге катышып, жети оюнчуну жеңип алды. Прагадагы иш-чараны Чехиядагы Азербайжан элчилиги уюштурган. 

Шахмат боюнча мелдешке Кыргызстанды кошкондо, жыйырмага жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Кайрат алты оюнчуну утуп, бирөө менен теңме тең чыгып, финалда Азербайжандын өкүлүн да утуп алды. 

Кайрат Чекиров Республикалык шахмат клубунун тарбиялануучусу, учурда Чехияда билим алып жатат. Чех жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Келечекте Кыргызстанга келип,  ал жакта алган билим, тажрыйбаларын мекени үчүн колдонуп, иштөө ниетинде. 

Жаңылыктар түрмөгү
0