Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Пакистандын командасынан утулуп калды

Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандын курамасы Иорданиядан ири айырма менен утулуп, Кувейт менен тең чыккан болчу.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 2016-жылы боло турган Азия чемпионатынын тандоо турунда үчүнчү жолу утулуу ызасын тартканын КРдин футбол федерациясы билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Иорданиядан ири айырма менен утулуп, Кувейт менен тең чыккан болчу. Ошентип, "В" тобунан чыгууга болгон мүмкүнчүлүгү толугу менен жоголду.

Шаршемби күнү болгон беттеште Кыргызстандын командасы Пакистанга 1:3 эсебинде утулду.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов команданын алгачкы курамын буга чейинки эки матчка салыштырмалуу бир топ өзгөрткөн.

КР футболчулары Араб Эмирлигиндеги беттеште аза тасмасын тагынып чыкты
Мелдештин башында Кыргызстандын командасы чабуул менен баштап, 25-мүнөттө Авазбек Откеев алгачкы голду киргизген. Бирок биринчи тайм бүтөөрүнө аз калганда Пакистандын командасынын башчысы эсепти теңеген. 

Экинчи таймдын 10-мүнөтүндө Манас Карипов топту өз дарбазасына киргизип алган. Кыргызстандыктардын гол киргизүүгө бир нече мүмкүнчүлүгү болду, бирок аны толук колдоно алышкан жок. 

Оюндун бүтөрүнө эки мүнөт калганда пакистандыктар дагы бир гол киргизип, эсеп 1:3 болуп, оюн каршылар команданын жеңиши менен аяктады.

Ал эми "В" тобунун лидерлери Иордания менен Кувейт командалары 3:3 эсебинде тең чыгышты. Жалпы упайдык эсеп боюнча 7 упай топтогон Иорданиянын командасы Азия чемпионаты-2016 оюндарына катышууга жолдомо алды. Кувейттин курамасы 4 упай, Пакистан 3 упай топтосо, 2 упай менен кыргызстандыктар төртүнчү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0