БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Футбол күйөрмандарынан Бишкектеги стадионго келип, Австарлия менен боло турган оюнда Кыргызстандын курамасын колдоп берүүсүн суранышууда.
2015-жылдын июнь айынан тарта Россияда 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпинатына Азия турниририн экинчи тандоо туру башталат.
Кыргызстандын курамасы В тайпасына кирип, Австралия, Иордания жана Бангладештин командалары менен беттешет. Кыргыз жергесинде биздин футболчулар австралиялыктар менен 16-июнда ойношот. Ал эми буга чейин, 11-июнда, Бангладештин курамасы менен алардын жеринде оюн көрсөтүшөт.
Футбол федерациясы Австралия менен боло турган оюндун промо ролигин даярдаган. Анда күйөрмандарды келип, оюнчуларды сүрөп туруусу сунушталат.
“Сен – биздин 12-оюнчубузсуң”, — деп айтылат видеодо.
Кезектеги дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү РФ 2018-жылдын 14-15-июнь күндөрү өтөт. Бардыгы болуп ири спорттук мелдешке 32 команда катышат.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.
Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.
Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.
Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру
Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган
Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова
Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар
Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт
Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат
Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат
Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен
Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат
Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara
Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат
Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат
Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта
Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.