Израилдик машыктыруучу Альберт Соломонов. Архив

КР артисттеринин курамасын дүйнө чемпионатына израилдик машыктыруучу даярдоодо

32
(жаңыланган 13:19 04.06.2015)
Футболчуларды чемпионатка башкы машыктыруучудан тышкары КР футбол федерациясынын машыктыруучулары – Нурлан Букуев жана Светалана Покачалова даярдап жатышат.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Pro квалификациясынын ээси израилдик машыктыруучу Альберт Соломонов Кыргызстандын артисттеринен куралган команданы дүйнө чемпионатына даярдап жатканын Sputnik агенттигине фестивалдын уюштуруучусу Елена Соклакова билдирди.

Футболдук-музыкалык "Арт-футбол" фестивалы Москвада 5-14- июнь күндөрү "Мээримдүүлүк туусунун алдында!" аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында өтөт. Башка эч бир жерде кездешпеген бул иш-чара быйыл бешинчи жолу өткөрүлөрү маалым. КР командасы футбол талаасында Германия, Казакстан жана Түштүк Кореянын артисттери менен күч сынашмакчы.

  • Кыргыз артисттери футбол ойноп аткан кези.
    Кыргыз артисттери футбол ойноп аткан кези.
    Никита Соклаков
  • Артисттердин ортосундагы футбол боюнча чемпионат  быйыл бешинчи ирет өтөт.
    "Артисттердин ортосундагы футбол боюнча чемпионат" быйыл бешинчи ирет өтөт.
    Никита Соклаков
1 / 2
Никита Соклаков
Кыргыз артисттери футбол ойноп аткан кези.

Футболчулар турнирге майдын ортосунан тарта даярданып жатышат. Анын алкагында артисттер "Дордой" клубунун ардагерлери менен жолдоштук оюн өткөрүп, 4:3 эсебинде жеңишке жетишишкен.

Кыргыз артисттерин чемпионатка башкы машыктыруучудан тышкары КР футбол федерациясынын машыктыруучулары – Нурлан Букуев жана Светалана Покачалова даярдашууда.

"Бүгүнкү күндө команда толугу менен куралып, машыгуулардан өтүп жатат", — дейт Соклакова.

Чемпионат быйыл бешинчи ирет өтөт. Жылына өткөрүлүүчү бул ири иш-чарага ФИФА эгидасындагы "Артисттердин ортосундагы футбол боюнча чемпионат" деген аталыш ыйгарылды.

32
Белгилер:
фестиваль, Футбол, Елена Соклакова
Тема боюнча
Австралия менен боло турган бетешүүдө кыргыз футболчулары сүрөөнгө муктаж
Кыргызстандын футболчулары Испаниянын командасы менен ойнойт
Кыргызстандык ырчылар футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатат
Пикирлер