БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан – Австралия матчына билеттер 9-июндан тарта сатыла турганын Sputnik агенттигине КР Футбол федерациясынын маркетинг боюнча директору Анна Осмоналиева билдирди.
2015-жылдын июнь айынан баштап үч жылдан кийин Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына карата Азиянын экинчи тандоо турнири башталат.
Осмоналиеванын айтымында, саттыкка бардыгы болуп 18 миң 338 билет коюлат. Бир билеттин баасы 150 сомдон 500 сомго чейин болушу күтүлүүдө.
Оюнга билеттерди Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасынан жана анын жанындагы соода түйүндөрүнөн сатып алууга болот. Мындан тышкары, билеттерди футбол федерациясынын дарегине жазылган жамааттык билдирменин негизинде алууга болот.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.
Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.
"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген.
Уюмдун мурдагы чемпиону Холлоуэй спортто жолу болбой, буга чейин эки ирет утулган эле. Учурда жеңишин майрамдап жаткан кези. Ал эми атаандашы Каттар, тескерисинче, эки ирет катары менен жеңип, эми утулуп отурат.
Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык Карлос Кондит дагы бир АКШ спортчусу Мэтт Браунду калыстардын чечими менен уткан.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.