Австралия Кыргызстанды оюну. Архив

Кыргызстанды Австралия 1:2 эсебинде жеңип алды

106
(жаңыланган 13:35 17.06.2015)
Кыргызстандыктардын дарбазасына Австралия курама командасынын капитаны Мил Единак экинчи мүнөттө гол киргизди. Экинчи таймда австралиялык Том Оар экинчи голду киргизип өзгөчөлөндү. Оюн аяктар алдында КР курама командасынын капитаны Азамат Байматов киргизди.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы үйүндө болгон оюнда Австралияга 1:2 эсебинде утулду.

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюн 2018-жылы боло турчу дүйнө чемпионатына тандоо турларынын алкагында өттү.

Кыргызстандыктардын дарбазасына Австралия курама командасынын капитаны Мил Единак экинчи мүнөттө гол киргизди. Экинчи таймда австралиялык Том Оар экинчи голду киргизип өзгөчөлөндү. Оюн аяктаар алдында КР курама командасынын капитаны Азамат Байматов киргизди.

Эки оюндун жыйынтыгында Кыргызстан үч упай топтоду. Эми КР курамасы Тажикстан жана Иорданиянын командалары менен ойнойт.

2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Азиядагы тандоо турнирлери июнь айында башталган. 

Кыргызстандын курама командасы В тобуна кирген жана атаандаштары Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш.

106
Белгилер:
футбол, Дүйнөлүк чемпионат, Том Оар, Мил Единак, Азамат Байматов, Австралия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан – Австралия беттеши (27)
Тема боюнча
Кыргызстан-Австралия оюнун эки телеканал түз алып көрсөтөт
Кыргызстан-Австралия беттешүү учурунда коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт
Кыргызстан-Австралия оюнуна билеттер жасалмалоодон корголгон
Бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде. Архивдик сүрөт

Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү

145
(жаңыланган 12:12 25.02.2021)
Андраде Шевченко үчүн оңой атаандаш эмес. Бразилиялык спортчу эки жыл мурда 52 килограмм салмактагылар арасында чемпиондук титулду алган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кечээ кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен кармашары белгилүү болду.

Мушкерлер 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешерин уюмдун президенти Дана Уайтка таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ESPN MMA (@espnmma)

Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу. 52 килограмм салмакта мурда чемпион болгон Андраде жакында эле Шевченконун салмагына — 57 килограммга өттү. Бул дивизиондун чемпиондукка талапкерлеринин тизмесинде бразилиялык спортчу биринчи орунду ээлеп турат.

UFC башчысы Дана Уайт мушкер кыздардын апрелдеги кармашы ушул жылдагы супер беттештердин бири болорун белгиледи.

"Бул беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатам. Валентина бир кездеги Тайсон (Майк) сыяктуу жеңилбес болуп турган чагы. Жакында эле анын дивизионуна Андраде которулуп, Чукагянды (Кетлин) нокаутка кетирип жеңди. Бул өтө кызыктуу кармаш болмокчу", — деген Уайт.

Кечээ жакында Валентина Instagram баракчасына кезектеги беттешине даярданып жаткан видеосун жүктөп, "Максат коюлду" деп жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Жессика Андраде деген ким?

Андраде 30 жашта, Бразилиянын Умуарама шаарында төрөлгөн. Мектепте дзюдо менен алектенип, алгачкы профессионалдык беттешин 2011-жылы өткөргөн. Аралаш мушташка чейин дарыканада, туристтер балык кармаган көлдө, ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген.

ММА спортуна 2013-жылы аралашып, ушул кезге чейин 29 беттештин 21ин уткан. Анын жетөөсүндө жеңишин нокаут менен майрамдаган. Жиу-жутсу, тай боксу боюнча да категориялык курлары бар.

Андраде октагондо чагылгандай тез иштеп, күтүүсүз чабуулдарга өтүп, атаандаштарын бүк түшүргөн соккулары менен айырмаланып келет. Кыргызстандык спортчудан бою кичинекей болгону менен сөөктүү.

2019-жылы жазында америкалык чемпион Роуз Намаюнасты UFC 237 турниринин алкагында өзгөчө нокаут менен утуп, чемпиондук наамга ээ болгон. Анда Роузду өйдөрөөк көтөрүп туруп, башы менен жерге сая жыгып, андан соң сокку узаткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Бирок ошол эле жылы күзгө жуук Андраде кытайлык Вэйли Жанг менен күч сынашып, бир мүнөткө жетпеген убакытта нокаут менен утулуп, наамынан ажыраган.

Андраде Шевченко менен беттеши тууралуу комментарий берип жатып, ага оңой атаандаш эмес экенин айткан.

"Мен Шевченкону аябай сыйлайм. Аны жеңүү оор экенин да билем, бирок менин беттештеги стилим ага баш оору жаратат", — деген бразилиялык кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jessica Andrade “Bate Estaca” (@jessicammapro)

Андраде супер беттешке жан үрөп даярданып, күн сайын үч жолудан машыгып жатканын кошумчалаган.

145
Белгилер:
атаандаштык, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
UFC мушкер аялдарга жаңы дивизион кошкону жатат

Кыргызстандыктан жеңилгенин моюндаган чечен мушкери алкоого татыды. Видео

241
(жаңыланган 11:41 25.02.2021)
Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.

Чечен мушкери Шадид Абдуразаковдун кыргызстандык Адилет Нурматов менен беттеште жеңилгенин мойнуна алган адилеттүү кадамы ММА коомчулугунда алкоого татыды. Бул тууралуу көптөгөн спорттук пабликтер жазып чыгып, видеолорун жарыялашты.

Окуя ACA Young Еagles Гран-при мелдешинин жарым жеңил салмагынын 8/1 финалында болгон. Беттеште кыргызстандык мушкер толук үстөмдүк көрсөткөн. Кармаштын аягында калыстардын бир добуштан чыгарган чечимине ылайык, Шадид Абдуразаков жеңүүчү деп жарыяланган.

Өзүнүн пайдасына чыккан чечимге чечен мушкери макул эместигин билдирген. Ал беттештин калысы колун көтөрүүгө аракет кылып жатканда колун артка тартып кеткен. Абдуразаков муну менен эле чектелбей, чыныгы жеңүүчү атаандашы экенин колу менен көрсөткөн. Анын мындай кадамы ММА чөйрөсүндө өзгөчө алкоого алынып, социалдык тармактарда күйөрмандардын ыраазычылыгын жараткан. Видеолорго "чечен мушкеринин татыктуу кадамы!", "Чечен спортчусуна урмат-сый!", "Чыныгы эркек!" деген көптөгөн комментарийлер айтылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.

Деген менен уюштуруучулар чечимин өзгөртүп, кыргызстандык мушкер Адилет Нурматовду жеңүүчү деп атады.

Нурматов промоушендин Гран-при мелдешинин чейрек финалына чыкты. Кийинки этаптагы таймаштар качан болору азырынча айтыла элек.

241
Белгилер:
чечим, калыстар тобу, мелдеш, гран-при, ACA, ММА
Тема боюнча
Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу
Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды
БШК Акыл Кемеловго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын ыйгарды

Максат Сабиров тапшырган депутаттык мандат Акыл Кемеловго берилди

22
(жаңыланган 15:49 25.02.2021)
Кемелов аралаш мушташ боюнча беттештерди уюштурган WEF уюмунун Ысык-Көл облусу боюнча президенти болчу.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Акыл Кемеловго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын ыйгарды.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров кечээ, 24-февралда, өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Ал мунун себебин жаштарга орун бошотуп берүү максатында деп түшүндүргөн.

БШК бүгүн анын ордуна Кемеловду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, ага күбөлүк жана төш белги берди.

Акыл Кемелов 36 жашта. Өлкөдө аралаш мушташ боюнча беттештерди уюштурган WEF (World Ertaymash Federation) уюмунун Ысык-Көл облусу боюнча президенти.

22
Белгилер:
БШК, мандат, Максат Сабиров, депутат
Тема боюнча
УКМК Шадиевди кармоого жардам сурап АКШга кайрылды
Депутат: айыпка жыгылган айдоочулар "Коопсуз шаарды" сотко берсе утуп алат