Кыргызстандын курама командасы Австралия менен болгон беттеште

Чет элдиктер кыргызстандык футболчулардын көргөзгөн оюнуна суктанышты

632
(жаңыланган 13:46 17.06.2015)
Шейшемби күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Австралия менен Кыргызстандын курама командалары беттешти. Күчтүү атаандашына татыктуу оюн көрсөткөнү үчүн Кыргызстадын футболчуларына көпчүлүк күйөрмандар социалдык тармактар аркылуу ыраазычылыгын билдиришүүдө.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Кыргызстандын курама командасына Австралия менен болгон беттештеги оюну үчүн күйөмармандардын көпчүлүгү ыраазы болду. Алар өз сезимдерин социалдык тармактар аркылуу билдиришүүдө.

16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары беттешип, оюн 2:1 эсебинде австралиялыктардын жеңиши менен аяктады. 

Кыргызстандыктардын дарбазасына Австралия курама командасынын капитаны Мил Единак экинчи мүнөттө алгачкы гол киргизди. Экинчи таймда австралиялык Том Оар экинчи голду киргизип өзгөчөлөндү. Оюн аяктаар алдында КР курама командасынын капитаны Азамат Байматов киргизди.

Австралиянын курама командасы Азия чемпиону болгон. Мындай күчтүү командагы татыктуу атаандаш болуп, кызыктуу оюн көрсөткөнү үчүн футбол күйөрмандары Кыргызстандын курама командасынын оюнчуларына болгон ыраазычылыгын жашырышкан жок.

КР премьер-министри Темир Сариев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын ийгилигин алардын жеңишке болгон каалоосу күч, максаты бийик деп сыпаттады.

Ошондой эле, чет элдик күйөрмандар да Кыргызстандын курама командасынын көрсөткөн оюнун жогору баалашты. 

DanielCherny аттуу колдонуучу бул оюнда Кыргызстан абдан жакшы оюн көрсөткөнүн жазды.

Ал эми vesh88 деген колдонуучу Кыргызстанда футболду маданияттуу ойношот экен деп суктанды.

Кыргызстандык колдонуучулар да жакшы оюн көрсөткөн КР курама командасына ыраазылыктарын айтышууда. Мындан ары кыргызстандык футболчуларды башка жактарга да барып колдоп туруу боюнча пикирлерин айтандар да болду.

632
Белгилер:
күйөрман, футбол, Австралия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан – Австралия беттеши (27)
Тема боюнча
Кыргызстанды Австралия 1:2 эсебинде жеңип алды
Күйөрман: Кыргызстан-Австралия оюнунун 10-мүнөтүндө туруп алып, тегиз кол чабабыз
Кыргызстан-Австралия беттешүү учурунда коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Жыгылып, кайра турду. Тыныбекованын Киевде жеңишке жеткен видеосу

2646
(жаңыланган 20:58 28.02.2021)
Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Алтын үчүн кармашта украиналык күчтүү балбан менен кез келди.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.

"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.

Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.

2646
Белгилер:
видео, жеңиш, күрөш, балбан, Айсулуу Тыныбекова, Киев
Тема боюнча
Жеңишти алдырып ийди! Жоламан Шаршенбеков Киевдеги турнирде утулган видео
Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков. Архив

Жеңишти алдырып ийди! Жоламан Шаршенбеков Киевдеги турнирде утулган видео

395
(жаңыланган 18:57 28.02.2021)
Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев алган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.

"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.

Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.

Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.

Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.

Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.

395
Белгилер:
жеңилүү, чемпионат, балбан, Жоламан Шаршенбеков, Киев
Тема боюнча
Айсулуу Киев мелдешинде атаандаштарын ишенимдүү утуп, финалга чыкты
Антонина Шевченко май айында беттешет. Атаандашы ким
Опера жана балет театры. Архив

Министрлик опера жана балет театрынын аталышы кандайча өзгөргөнүн түшүндүрдү

0
(жаңыланган 12:33 01.03.2021)
Документте мындай кадам Маданият жана искусство мекемелеринин ишин жөнгө салуу максатында жасалып жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.

22-февралда "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому чыккан. Ага ылайык, "А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" "А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деп өзгөртүлгөн.

Президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошондой эле театрдын башкаруу формасы дагы өзгөртүлүп, мамлекеттик мекеме макамын алып жатат. Документте мындай кадам Маданият жана искусство мекемелеринин ишин жөнгө салуу максатында жасалып жатканы белгиленет.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театрдын аты өзгөртүлбөгөнүн, болгону документ Юстиция министрлигиндеги маалыматка дал келтирилгенин билдирди.

"Опера жана балет театры мурда Юстиция министрлигинде "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" деп катталган. Өкмөттүн токтому менен биз болгону документти иретке келтирдик", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.

Мындан сырткары, өкмөттүн чечими менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өттү.

0
Белгилер:
маданият, өкмөт, токтом, аталыш, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры
Тема боюнча
ОшМУга Каныбек Исаковдун ысымы ыйгарылат. Шаардык кеңеш колдоду