БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Бильярд оюнчулары Бишкекте ат салыша турганын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Чемпионатка 64 спортчу катыыпт, мелдеш квалификациялык жана негизги болуп эки баскычта өтөт.
Мелдештин негизги максаты бильярд спортун жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Күчтүү спортчулар эл аралык мелдештерге катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына кирет.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкерлери Кубаныч Абдисалам уулу (жеңил салмак) жана Жыргал Чомонов (оор салмак) бүгүн BRAVE CF & KREPOST промоушендеринин биргелешкен мелдешинде беттешке чыгышат. Алардын атаандаштары менен көз караштар таймашын промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашат. Кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер мушкерлердин көз караштар таймашына чыккан видеосун жарыялашты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми оор салмакта Жыргал Чомонов россиялык Константин Ерохин менен беттешет.
Мелдеш Сочи шаарында өтөт. Кыргызстандык эки мушкердин тең беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган.
Эске салсак, учурда UFC уюмунун "2020-жылдын ачылышы" наамына татыган мушкер Хамзам Чимаев да дал ушул BRAVE CF промоушенинен чыккан.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык бокс чеберлери Азат Үсөналиев (52 килограмм) менен Эркин Адылбек уулу (81 килограмм) Украинада өтүүчү биргелешкен окуу-машыгууга чакырылды. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Алар 2021-жылдын 17-январынан баштап Киев шаарында дүйнөлүк мыкты боксчулар менен чогуу машыгуу өткөрөт.
"Машыгууга Куба, Россия, Украина жана Европа өлкөлөрүнүн мушкерлери катышат. Спорттук иш-чараны Украинанын Бокс федерациясы уюштуруп, дүйнөлүк аренада көзгө көрүнгөн мыкты мушкерлерди гана чакырган. Ага КРден эки мушкер барат. Машыгуу бир айга созулат. Башкы максат Токио Олимпиадасына даярдануу болмокчу", — деп билдирди ал.
Атазов мындай спорттук иш-чара кыргызстандык мушкерлерге пайдалуу болуп, тажрыйба топтоого зор мүмкүнчүлүк жаратарын белгиледи.