Ысык-Көлдө олимпиадалык борбор курулат

Жазылуу
Жаңы олимпиадалык борбор мамлекеттик пансионаттардын биринин ордуна курулушу мүмкүн.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Ысык-Көлдө спортчулардын машыгуусу үчүн жаңы олимпиадалык борбор курула турганын Sputnik агенттигине Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов билдирди. 

Анын айтымында, борбордун курулушу үчүн каражат Эл аралык олимпиада комитети тарабынан бөлүнөт.

"Ысык-Көлдүн аба ырайы машыгуу үчүн абдан ылайыктуу экенин илим далилдеген. Бул жерде спортчулар жыл бою машыга алат, анткени климаты абдан жумшак. СССР убагында космонавттар менен спортчуларды бекеринен Ысык-Көлдө машыктырбаса керек", — дейт Аманкулов.

Борбордун курулушу үчүн бөлүнө турган каражат маселеси өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бахтын жолугушуусу учурунда чечилген. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Томас Бах мамлекеттин башынан өткөргөн экономикалык жана саясий кыйынчылыктарына карабастан, кыргыз спортчуларынын даярдык деңгээли абдан жогору экенин белгилеген.

"ЭОК мамлекеттин спорт жаатындагы ийгиликтерин арттырууга жардамын аябайт. Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган олимпиада оюндарында Кыргызстан алтын медалга ээ болот деген ишенимдемин", — дейт Бах.

УОК борбор үчүн мамлекеттик пансионаттардын бири бөлүнүшү мүмкүн экенин билдирди. 

Маалыматка ылайык, 20-июнь күнү УОКнын президенти Шаршенбек Абдыкеримов башында турган комиссия Ысык-Көлгө барат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда олимпиадалык талаптарга жооп берген бир дагы атайын борбор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0