КР футболчулары Казакстан президентинин кубогу үчүн алгачкы оюнда жеңилип калышты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. Архив
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астанада өткөн беттешүүдөн Кыргызстандык команда 3:1 эсеби менен утулду. Казактардын дарбазасына жалгыз голду Эмир Шыгайбаев киргизди.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы (U-16) Астанада өтүп жаткан Казакстан президентинин кубогу үчүн алгачкы оюнда талаа ээсинен жеңилип калганын Футбол федерациясы билдирди.

Футбол. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Испаниянын футбол командалары Астанада беттешет
КР өспүрүмдөр командасы күз айларында Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрүүдө. Кыргызстандыктарга Оман, Иордания жана Непал командалары атаандаш болот.

Астанада өткөн беттешүүдөн Кыргызстандык команда 3:1 эсеби менен утулду. Казактардын дарбазасына жалгыз голду Эмир Шыгайбаев киргизди.

Эмки оюнда кыргызстандык команда өзүнүн алгачкы оюнунда Испания командасынан 0:3 эсеби менен утулган Тажикстандын футболчулары менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0