Сууда сүзүүчү Александар Слепченко дүйнөлүк чемпионатта коло медалын утуп алды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүСууда сүзүү. Архив
Сууда сүзүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Александар Слепченко чемпионатта 3 мүнөт 53,3 секунда көрсөткүч менен үчүнчү болду.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Александар Слепченко ласт менен сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалга татыды. Бул туурасында КРдин сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Дубайдан үч алтын медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Дубайдан үч алтын медаль утушту
Чемпионат 26-июндан 30-июнга чейин Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Слепченко эркектер арасында 300 метр аралыкка сүзүү боюнча коло байгени утуп алды. Россиялык Максим Быковец 3 мүнөт 13,3 секунда көрсөткүч менен биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Иван Рожков (3 мүнөт 20,6 секунда) алды. Ал эми Александар Слепченко чемпионатта 3 мүнөт 53,3 секунда көрсөткүч менен үчүнчү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0