Ардагер футболчулар эл аралык мелдештен жеңиш менен кайтты

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын курама командасы ардагерлери. Архив
Кыргызстандын курама командасы ардагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы кырк жаштан ашкандардынарасындагы мелдешке катышты.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы ардагерлер арасында футбол боюнча өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетишти. Бул туурасында Футбол федерациясынан билдирди. 

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү. Кырк жаштан ашкандардын биринчи орун үчүн болгон мелдешине Кыргызстандын курама командасы катышты.

Турнирдин жыйынтыгында жеңиш Кыргызстандын ардагер футболчуларына ыйгарылды. Төрт беттешүүнүн үчөөсүндө жеңишти камсыздап, бирөөсүн тең упай менен аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0