Фехтование боюнча дүйнө чемпионатына кыргызстандыктар да катышат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФехтование. "Московская сабля". Первый день
Фехтование. Московская сабля. Первый день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттун эл аралык класстагы үч чебери жана спорттун бир чебери машыктыруучу Геннадий Зелениндин жетекчилиги алдында фехтование боюнча дүйнө чемпионатына катышат.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Кыргызстандын эркектер курама командасынын мүчөлөрү фехтование боюнча лицензиялык эл аралык чемпионатка катыша турганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк чемпионат 12-19-июлда Москва шаарында өтөт.

Кыргызстандын курама командасынын катарына эл аралык класстагы спорт чеберлери Александр Черных, Евгений Наумкин, Роман Петров жана спорттун чебери Жумабай уулу Данышман бар.

Башкы машыктыруучу Геннадий Зеленин.

Жаңылыктар түрмөгү
0