2022-жылы кышкы Олимпиада оюндары Пекинде өтөт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүОлимпиада жана Кытайдын желектери. Архив
Олимпиада жана Кытайдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык олимпиада комитети кышкы Олимпиадалык оюндар өтчү шаарды Куала-Лумпурда аяктаган 128-сессиясында бекитти.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Пекин шаары 2022-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын борбору аталды. Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) бул чечимди Куала-Лумпурда өткөн 128-сессиясында кабыл алды.

ЭОКнын аткаруу комитети 2014-жылдын июль айында Олимпиаданы кабыл алууга талапкер катары Осло (Норвегия), Алматы (Казакстан) жана Пекин (Кытай) шаарларын каттаган.

Пекин үчүн ЭОКтун 85 мүчөсүнүн добуш берген.

Пекин кышкы да, жайкы да Олимпиада оюндарын кабыл алган биринчи шаар болот (2008-жылы бул шаарда жайкы Олимпиада өткөн). Алматы – Казакстандын ири шаарларынын бири, буга чейин да Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлигин көрсөткөн. Буга чейин 2022-жылы өтө турган оюндарды өткөрүүгө Осло (Норвегия), Стокгольм (Швеция), Краков (Польша) жана Львов (Украина) шаарлары талапкерлигин алып салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0