Аралбаев: футзал боюнча Азия чемпионатында бизди кызыктуу оюндар күтөт

© пресс-служба ФФКРБашкы машыктыруучу Канимет Аралбаев. Архив
Башкы машыктыруучу Канимет Аралбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эмгек" клубунун башкы машыктыруучусу Канимет Аралбаевдин айтымында, команданын даярдыгы жогору.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан кызыктуу оюн күтүп жатканын "Эмгек" клубунун башкы машыктыруучусу Канимет Аралбаев билдирди.

Футбол федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандын курама командасы В тобунда биринчи оюнду өзбекстандыктар менен ойношот. Ошондой эле Япониянын командасы менен да беттешет. Турнир Ирандын Исфахан шаарында өтөт.

Башкы машыктыруучу Канимет Аралбаевдин айтымында, команданын даярдыгы жогору.

"Менин командам жаш, бирок алардын жеңишке жетүү каалоосу жогору. Биз биринчи оюнду коңшу Өзбекстандын командасы менен ойнойбуз. Алар жөнүндө бизде толук маалымат жок. Бирок, буга чейин болгон жолдоштук матчта аларды бир катар оюнчуларын байкай алдык. Жалпысынан айтканда бизди кызыктуу оюн күтөт", — деди машыктыруучу.

Тунир башталганга чейин 22-июлда КР курама командасы Ирандын борбор шаары Тегеранда жолдоштук беттеш өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0