Кыргызстандык күрөшчүлөр Иранда өтө турган Азия чемпионатына жөнөп кетишти

Жазылуу
Жалпысынан мелдешке 11 спортчу (6 эркек, 5 аял), топтун жетекчиси жана машыктыруучулар кетти.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатына катыша турганын Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Чемпионат 6-7-август күндөрү Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, мелдештер эркектер жана аялдар ортосунда болот.

Жалпысынан мелдешке 11 спортчу (6 эркек, 5 аял), топтун жетекчиси жана машыктыруучулар кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0