"Дордойчулар" өлкө кубогуна чыгуу үчүн атаандашын жеңе алган жок

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубок оюндары соңуна чыгып келет. Жарым финалдык беттешүүлөр башталып, жеңүүчүлөр баш байге үчүн ат салышууда.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын азыркы кубогунун ээси Бишкектин "Дордой" командасы "Наше Пиво" (Кант) командасын жеңе алган жок. Бул туурасында Кыргызстандын футбол боюнча лигасынын сайтында маалымдалды. 

"Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерациясынын кубогунан чыгып калды
Кубоктун биринчи жарым финалында өлкөнүн биринчи лигасына жол ачкан "Дордой" Канттын "Наше Пиво" клубу менен беттешти. Атаандаштары эки ирет алдыга чыгып, "Дордойчулар" аларды кайра утуп ала алган жок. Оюн 2:2 эсеби менен аяктады. 

Эми Кант шаарында 21-августта экинчи оюндун жыйынтыгы менен финалга чыкчулар аныкталат. 

Экинчи жарым финалдын оюндарында Кыргызстан Кубогу үчүн Оштун "Алайы" менен Канттын "Абдыш-Ата" командалары беттешет. Биринчи таймаш кантта 12-августта, ал эми экинчи оюн жооп иретинде Ошто 21-августта өтөт. 


Жаңылыктар түрмөгү
0