Футбол боюнча чемпионатта "Алай" жана "Дордой" алдыда бара жатат

© Фото / www.vb.kgАлай жана Дордой футбол оюнчулары. Архив
Алай жана Дордой футбол оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн биринчилигинде Оштун "Алайы" менен борбордук "Дордой" атаандаштарын утуп алды. Азырынча лидерлер арасында беш упайлык айырма сакталып турат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда футбол боюнча чемпионатта эки лидер команда жеңишке жетип, алдыда бара жатат. Бул туурасында КРдин Футбол лигасынан билдиришти.

Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Дордойчулар" өлкө кубогуна чыгуу үчүн атаандашын жеңе алган жок
Учурдагы чемпион бишкектик "Дордой" 3:1 эсебинде Канттын "Абдыш-Атасын" утуп, 29 упай топтоду, ал мурдагыдай эле өлкөнүн биринчилигинде тизмеде экинчи болуп бара жатат.

Ал эми катар өткөн оюнда "Алай" (Ош) 4:0 эсеби менен Нарындын "Ала-Тоосун" жеңип, 34 упай менен лидерликти бербей келе жатат. Ошентип, "Алай" менен "Дордойдун" ортосундагы беш упайлык айырма сакталып келе жатат. 

Үчүнчү тизмеде азырынча 14 упай менен "Алга" (Бишкек), акыркы болуп, 4 упай топтогон "KG United" турат. 

Мелдешке бардыгы болуп алты команда катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0