Кыргызстандын жаш курама футболчулары. Архив

Кыргызстандын жаш футболчулары өзбекстандык курбуларын жеңип алды

61
(жаңыланган 10:38 11.08.2015)
Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Азирет Момошев, Гүлжигит Алыкулов жана Эмир Шыгайбаев намыска жарады.

БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары өзбекстандык курбуларын жеңип алышты деп билдирди КРдин Футбол федерациясынан. 

Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Азирет Момошев, Гүлжигит Алыкулов жана Эмир Шыгайбаев намыска жарап, эсепти 3:1 деп жыйынтыктады. 

Өспүрүмдөр Кытайдын Вейнянь шаарында Азия чемпионатына даярдык көрүп, машыгуудан өтүп жүрүшөт. Чемпионатта Кыргызстандын курама командасынын атаандаштары Оман, Иордания жана Непалдын жаш футболчулары болмокчу.

61
Белгилер:
Футбол, Футбол федерациясы, Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык жаш футболчулар Японияда өтчү турнирге катышууга даярданууда
Пикирлер