Алга командасы Азия футбол конфедерациясынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат

"Алга" командасы Азия футбол конфедерациясынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат

43
(жаңыланган 15:22 11.08.2015)
КРдин Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттешти көрүүгө беш миңдей киши келиши күтүлүүдө. Стадиондогу коопсуздукту үч миңден ашык милиция камсыздайт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Алга" футбол клубу бүгүнтөн тарта Азия футбол конфедерациясынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат.

Өлкөнүн чемпиону биринчи жолу Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо туруна катышууда. Ошондой эле, Бангладештин Lt. Sheikh Jamal Dhanmondi Club Limited командасы менен Макаонун Casa Benfica командалары да биринчи жолу чыгып отурушат.

Кыргызстандын командасынын атаандаштары да өз өлкөсүнүн чемпиону болуп эсептелет. Бүгүн кечки саат 18-00дө Кыргызстандын футболчулары Макаонун командасы менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы стандиондо беттешет.

КР Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттешти көрүүгө беш миңдей киши келиши күтүлүүдө. Стадиондогу коопсуздукту үч миңден ашык милиция камсыздайт. Кыргызстан менен Австралия ойногондой элдин агымы көп болбой турганын Футбол федерациясы кошумчалады.

Кийинки беттеш Бангладеш менен Макаонун ортосунда 13-августта болот, ал эми 15-августта кыргызстандыктар Бангладештин командасы менен ойнойт.

Бул беттештерден кийин командаларды дагы эки квалификациялык раунддар күтүп турат. Андан кийин Азия футбол конфедерациясынын финалы болот.

43
Белгилер:
Футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
"Дордойчулар" өлкө кубогуна чыгуу үчүн атаандашын жеңе алган жок
Футбол боюнча чемпионатта "Алай" жана "Дордой" алдыда бара жатат
Пикирлер