"Алга" Макаонун Casa Benfica командасын утуп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМакао мамлекетинин Casa Benfica футбол командасы менен Бишкек шаарында болгон оюнда "Алга" оюн. Архив
Макао мамлекетинин Casa Benfica футбол командасы менен Бишкек шаарында болгон оюнда Алга оюн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндун 30-мүнөтүндө "Алганын" чабуулчусу Иван Филатов эсепти ачты.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Макао мамлекетинин Casa Benfica футбол командасы менен Бишкек шаарында болгон оюнда "Алга" оюн эсебин ачты.

Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо турунун алкагында Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Макао мамлекетинин Casa Benfica командасы менен Бишкектин "Алга" командасы бетешүүдө.

Алга командасы Азия футбол конфедерациясынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат - Sputnik Кыргызстан
"Алга" командасы Азия футбол конфедерациясынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат
Өлкөнүн чемпиону биринчи жолу Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо туруна катышууда. Ошондой эле, бангладештин Lt. Sheikh Jamal Dhanmondi Club Limited командасы менен Макаонун Casa Benfica командалары да биринчи жолу чыгып отурушат.

Оюндун 30-мүнөтүндө "Алганын" чабуулчусу Иван Филатов эсепти ачты.

Кийинки беттеш Бангладеш менен Макаонун ортосунда 13-августта болсо, 15-августта кыргызстандыктар Бангладештин командасы менен ойнойт.

Бул беттештерден кийин командаларды дагы эки квалификациялык раунддар күтүп турат. Андан кийин жана Азия футбол конфедерациясынын финалы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0