Кыргызстандык каратист Японияда мелдеште алтын медаль алды

Жазылуу
Мелдеште кыргызстандык спортчулар өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөттү. Андан сырткары, Кыргызстандан барган делегациянын башчысына ардак грамота берилди.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Токиодо Шотокан карате-до интернешнл федерациясынын (SKIF) 35-чемпионатында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Спортзал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда спорт интернатын куруу пландаштырылууда
Кыргызстандын намысын коргогон Иннокентий Ан керекке жарап, алтын медаль утуп алды.

Ошондой эле Кыргызстандын Шотокан каратэ-до федерациясынын президенти Болот Мамбеткаримовго ардактуу үчүнчү дан ыйгарылып, ардак грамота тапшырылды.

Чемпионатка миңден ашык спортчу катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0