Жалпы републикалык спартакиада октябрда төрт шаарда өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортчуларга берилүүчү медалдар. Архив
Спортчуларга берилүүчү медалдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спартакиада спорттун 12 түрү боюнча өтүп, ага республиканын жети облусунан жана эки шаарынан тогуз команда катышат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Жалпы републикалык спартакиада октябрда төрт шаарда өтөт деп билдиришти Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин маалымат кызматынан. 

Бейшемби күнү комитеттин отурумунда спартакиаданы Жалал-Абадда 7-14-октябрда өткөрүү чечими кабыл алынды. Спорттук оюндардын таймашы Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Токтогул шаарларында жүргүзүлөт. 

Спартакиада спорттун 12 түрү боюнча өтүп, ага республиканын жети облусунан жана эки шаарынан тогуз команда катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0