Мэриялардын кызматкерлери Балыкчыда тогуз коргоол ойношот

© Фото / пресс-служба ГАФКиСТогуз коргоол оюну. Архив
Тогуз коргоол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спартакиадага республикалык маанидеги Бишкек менен Оштун мэриялары катышпайт

БИШКЕК, 16-авг — Sputnik. Балыкчы шаарында Кыргызстандагы мэриялардын муниципалдык кызматкерлеринин ортосунда спартакиада өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Спортчуларга берилүүчү медалдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалпы републикалык спартакиада октябрда төрт шаарда өтөт
Bш-чара 21- 25-августка пландалган. Таймаштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ден тарбияны өнүктүү максатында уюштурулуп жатат. Спартакиадага республикалык маанидеги Бишкек менен Оштун мэриялары катышпайт.

Төрт күн ичинде мэриялардын кызматкерлери аялдар жана эркектер арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышат. Алар кол күрөш, волейбол (эркектер арасында), гиря көтөрүү, жеңил атлетика, мини-футбол, стол тенниси жана тогуз коргоол боюнча күч сынашат. 

Учурда спартакиадага катыша тургандыгын 16 шаар тастыктады. Алардын ичинде  Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Токтогул, Өзгөн, Ноокат, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Балта, Токмок, Кант жана Орловка шаарлары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0