Кыргызстандык спортчулар Астанадагы дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына катышат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДзюдоисты во время соревнований. Архивное фото
Дзюдоисты во время соревнований. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР командасы чемпионатка башкы машыктыруучу Абдразак Шаршеновдун жетекчилиги менен барат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочулар Астана шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катыша турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 21-31-август күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан төрт спорт чебери Омар Бестаев, Владимир Золоев, Бектур Рысмамбетов жана Нагира Сарбашева катышат. Мындан тышкары, команданын курамында эл аралык класстагы спорт чеберлери Чыңгыз Мамедов менен Юрий Краковецкий да бар. 

Кыргыз командасы башкы машыктыруучу Абдразак Шаршеновдун жетекчилиги алдында барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0