Көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатына кыргызстандык гимнаст кыздар катышат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖаш гимнастчылар машыгуу убагында. Архив
Жаш гимнастчылар машыгуу убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште Кыргызстандын атынан 19 жаштагы Регина Мякишева жана 16 жаштагы Азема Ажибекова чыгат.

БИШКЕК, 19-авг — Sputnik. Кыргызстандык гимнаст кыздар Германияда өтө турган көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатына катыша турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитети билдирди.

Чемпионат Штутгарттын Porsche Arena комплексинде 3-12-сентябрь күндөрү өтөт. Мелдешке Кыргызстандын атынан 19 жаштагы спорттун чебери Регина Мякишева жана 16 жаштагы спорт чеберине талапкер Азема Ажибекова катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0