БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн ат чабыш, көк бөрү жана салбурун боюнча турнир өтө турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдештер борбор калаанын батышында жайгашкан "Ак кула" ипподоромунда 27-31-август күндөрү өтөт. Ага Талас, Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек менен Ош шаарларынан катышуучулардын келиши күтүлүүдө.
Оюндун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар президенттик фонддон берилет.
2015-жылдын 31-августунда Кыргызстандык эгемендик алганына 24 жыл толот.