Мэрия кызматкерлери Балыкчыдагы спартакиадада беттешет

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол тобу. Архив
Волейбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш спорттун кеңири жайылган он түрү боюнча өтөт. Бул жылы мелдешке Кыргызстандын 16 шаарынан 600гө жакын адам катышат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Балыкчыда Кыргызстандагы шаар мэрияларынын кызматкерлери ортосунда өткөрүлүп жаткан спартакиаданын финалдык бөлүгү башталганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет. 

Спартакиада жума күнү башталды. Бул жылы мелдеште Кыргызстандын 16 шаарынан 600гө чукул катышуучу күч сынашат. Мелдеш спорттун кеңири жайылган кол күрөш, волейбол, оордук көтөрүү, жеңил атлетика, мини-футбол, стол тенниси, аркан тартыш жана тогуз коргол боюнча өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0