Кыргызстандыктар Street Workout чемпионаты өтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТурникте машыккан бала. Архив
Турникте машыккан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатка каалаган ар бир кыргызстандык катыша алат. Ал эми 40тан ашуун жаран катышууга ынтызарлыгын билдирди.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы ирет Street Workout (көчө спорту) чемпионат өтөрүн Sputnik маалымат агенттигине аталган спорт боюнча федерация президенти Тамерлан Богатырев билдирди. 

Спортчуларга берилүүчү медалдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалпы републикалык спартакиада октябрда төрт шаарда өтөт
Ачык чемпионат Бишкек шаарындагы №8 мектептин аянтындагы спорт аянтчасында 30 августта өтөт. Чемпионатка каалаган ар бир кыргызстандык катыша алат. Ал эми 40тан ашуун жаран катышууга ынтызарлыгын билдирди. 

Иш-чара Эмгек, миграция жана жаштар боюнча министрликтин шаардык спорт комитетинин колдоосунда өтүп жатат. 

Street workout — спорттун түрлөрү боюнча ачык асман алдында, сыртта өтүүчү учурда модага айланган багыттардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0