Сестры Шевченко вышли в финал Королевского кубка по муай-тай в Бангкоке

Эже-сиңди Шевченколор Бангкокто өткөн муай-тай боюнча падышалык кубоктун финалына чыкты

70
(жаңыланган 17:51 24.08.2015)
Кыргызстандык Валентина жана Антонина Шевченколор Австралия, Израиль, Россия, Марокко жана Бельгиядан келген атаандаштарын артка калтырып, тай боксу боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыгышты.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Валентина жана Антонина Шевченколор Таиланддын борбору Бангкок шаарында өтүп жаткан муай-тай боюнча Падышалык кубоктун финалына чыгышканын Кыргызстандын тай боксу боюнча федерациясы билдирди.

Бул жылы чемпионатка жүздөн ашуун өлкөдөн келген эки миңге чукул спортчу катышууда.

  • Валентина жана Антонина Шевченколор Таиланддын борбору Бангкок шаарында өтүп жаткан муай-тай боюнча Падышалык кубоктун финалына чыгышты. Антонина Марокко менен Россиядан келген атаандаштарынан күчтүү экенин далилдеди.
    Валентина жана Антонина Шевченколор Таиланддын борбору Бангкок шаарында өтүп жаткан муай-тай боюнча Падышалык кубоктун финалына чыгышты. Антонина Марокко менен Россиядан келген атаандаштарынан күчтүү экенин далилдеди.
    © Фото / федерация тайского бокса КР
  • Валентина Марокко, Израиль жана Бельгиядан келген спортчуларды жеңди.
    Валентина Марокко, Израиль жана Бельгиядан келген спортчуларды жеңди.
    федерация тайского бокса КР
  • Финалда Валентина белоруссиялык Мария Валент менен беттешсе, Антотнина австралиялык Мелиса Андерсон менен күч сынашат.
    Финалда Валентина белоруссиялык Мария Валент менен беттешсе, Антотнина австралиялык Мелиса Андерсон менен күч сынашат.
    федерация тайского бокса КР
1 / 3
© Фото / федерация тайского бокса КР
Валентина жана Антонина Шевченколор Таиланддын борбору Бангкок шаарында өтүп жаткан муай-тай боюнча Падышалык кубоктун финалына чыгышты. Антонина Марокко менен Россиядан келген атаандаштарынан күчтүү экенин далилдеди.

"Финал үчүн болгон 60 килограмм салмак чендеги беттешүүдө Валентина биринчи раундда эле бельгиялык спортчуну нокаут менен жеңди. Антонина 63,5 килограмм салмак ченинде Россия жана Европа чемпиону болгон Светлана Винникованы калыстар тобунун бир добуштук чечими менен артка калтырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган мелдеште Валентина Марокко, Израиль жана Бельгиядан келген спортчуларды жеңсе, Антонина Марокко менен Россиядан келген атаандаштарынан күчтүү экенин далилдеди.

Финалда Валентина белоруссиялык Мария Валент менен беттешсе, Антотнина австралиялык Мелиса Андерсон менен күч сынашат.

Чемпионатка Кыргызстандын курама командасы да катышкан, тилекке каршы, команда биринчи айлампада эле оюндан чыгарылган.

Кыргызстандык эже-сиңди Шевченколор учурда Перу клубунун таламын талашып келет.

70
Белгилер:
чемпионат, бокс, муай-тай, Антонина Шевченко, Валентина Шевченко, Таиланд
Тема боюнча
Муай тай боюнча КРдин курама командасы дүйнө чемпионатына катышат
Пикирлер