Кыргызстандын футболчулары Бахрейнде бир жума болушат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы боло турган Дүйнө чемпионатына тандоого катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасы Иорданияда машыгат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын курма командасы Байхрейнде футболдук беттешүү алдында машыгуу иштерин жүргүзөт. Бул туурасында Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти. 

Кыргызстан-Австралия беттешүүсүнүн мыкты ирмемдери
Иорданиядагы матч 3-сентрябрда болот. Буга чейин Кыргызстандык спортчулар өз мекенинде Бангладеш жана Иорданиянын командалары менен беттешкен. Биринчи таймашта 1:3 эсебинде жеңсе, ал эми өз мекенинде австралиялыктарга 1:2 эсебинде жеңилген. 

Жекшемби күнү кечинде 23-адамдан турган топ Дубай аркылуу Бахрейнге учуп кетти. Курама команда 2018-жылы боло турган Дүйнө чемпионатына тандоонун алкагында катышуу үчүн Кыргызстан курама командасы 1-сентябрда Иорданияда машыгуу иштерин жүргүзөт.

Бириккен Араб Эмиратында дарбазачы Павел Матяш Маледен келген каттамдан кошулат. Делегация 24 адамдан турат, спортчулардан сырткары машыктыруучу жана техникалык штабдын өкүлү бар.

Россияда 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына Азия турниририн экинчи тандоо турунун алкагында Кыргызстандын спортчулары Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия менен бир топто ойношот.

Жаңылыктар түрмөгү
0