Крестинин: чабуул менен бирге мыкты коргонууну да көрсөтөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековКоманданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иорданиянын курама командасы акыркы жылдары мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен күчтүү атаандаш экенин кыргызстандык команданын машыктыруучусу белгиледи.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы оюн талаасында чабуул менен бирге мыкты коргонууну да көрсөтө турганын команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

Кыргызстан — Иордания беттешүүсү башка шаарга которулду
Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы тандоо турунун беттешүүсү бейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө Амман шаарынын башкы стадионунда өтөт.

Маалымат жыйынында Крестинин бул оюн машыгуулардын кандай деңгээлде өткөнүн көрсөтөрүн белгиледи. Муну менен бирге машыктыруучу турнир жаңы гана башталганын, демек командалардын баары тайпадан чыгып калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Иорданиянын курама командасы — акыркы жылдары мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен күчтүү атаандаш. Анын чабуулу да, коргонуусу да терең ойлонулган. Оюн абдан оор болот", — деди Крестинин.

Кыргызстандык команданын оюнчусу Эдгар Бернхардт машыктыруучу штаб даярдык үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенин айтты.

2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунда Кыргызстан Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия менен бир тайпада ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0