Азия командаларынын машыктыруучулары КРде боло турган беттеш тууралуу пикирин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан, Иордания, Непал жана Омандын курама командаларынын машыктыруучулары.
Кыргызстан, Иордания, Непал жана Омандын курама командаларынын машыктыруучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга келген Иордания, Непал жана Омандын курама командалары 2016-жылы болуучу Азия чемпионатынын квалификациялык мачтарында жеңишке жетебиз деп үмүттөнүшүүдө.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Иордания, Непал жана Омандын курама командаларынын машыктыруучулары Бишкекте өтө турган беттештен эмне күтүп жатышканын айтып беришти.

Азия чемпионатынын квалификациялык беттештери Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16, 18 жана 20-сентябрда өтөт.

Кыргызстан жана Австралия оюнунун күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөрдүн футбол боюнча улуттук командасынын мыкты күйөрманын белек күтөт
Иорданиялык футболчулардын машыктыруучусу Абдулла Кутаты билдиргендей, анын командасы достук мелдешин өткөрүп, эми квалификациялык матчта биринчи орунду ээлейбиз деп турушат.

Анын айтымында, команданын курамындагы бир оюнчу Бириккен Араб эмирлигинин профессионалдык лигасында ойнойт. Мындан тышкары,машыктыруучу курамда франциялык адистер да бар.

Омандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Йакуб Саид Саиф аль Сабахи топтун даярдануу иштери анчейин жакшы болбогонун, бирок квалификациялык оюндардан чыгууга аракет кыла тургандыктарын айтты.

Ал эми Непалдын курама командасынын машыктыруучусу Упендра Ман Сингх анын оюнчулары Түштүк Африканын чемпионатына катышып, жарым финалга чейин келгенин белгиледи.

"Бул биз үчүн абдан жакшы тажрыйба. Буга чейин Бутан, Бангладеш жана Непалдын командалары менен ойнодук. Квалификациялык беттешке бир жыл бою даярдандык", — дейт ал.

Азия чемпионатынын квалификациялык раундуна жаштардын 45 курама командасы катышат. 2016-жылы Индияда болот турчу финалдык бөлүккө 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана тайпалардан эң жакшы упай топтогон төрт команда да чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0