Бишкекте Азия мамлекеттеринин өспүрүм футболчуларынын беттешүүсү башталат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТренировка учурунда. Архивное фото
Тренировка учурунда. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык футболчулар алгачкы оюнда Омандын командасы менен беттешет. Оюн саат 20.00дө болот.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү Бишкекте Азия мамлекеттеринин өспүрүмдөр курама командаларынын (U-16) футболдук матчтары башталат.

Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек үч өлкөнүн футбол боюнча өспүрүмдөр командасын тосуп алат
Оюндар 16,18 жана 20-сентябрь күндөрү 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпионатынын тандоо турунун алкагында өткөрүлөт. Квалификациялык оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот. Кыргызстан Непал, Иордания жана Оман мамлекеттеринин командалары менен бир тайпада ойнойт.

Ачылыш матчы саат 15.00дө башталат. Биринчи оюнда Непал менен Иорданиянын командалары беттешет. Кыргызстандын Оман командасы менен боло турган мелдеши саат 20.00дө башталат.

18-сентябрда экинчи тур башталат. Анда Иорданиянын Оманга каршы беттешүүсү 15.00дө башталса, Кыргызстан менен Непалдыкы 20.00дө өтөт.

Акыркы тур 20-сентябрда болот. Мында саат 15.00дө Непал менен Оман беттешсе, кечки саат 8.00дө Кыргызстан менен Иордания командасы ат салышат.

Азия чемпионатынын квалификациялык раундуна жаштардын 45 курама командасы катышат. 2016-жылы Индияда болчу финалдык бөлүккө 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана тайпалардан эң жакшы упай топтогон төрт команда да чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0