Непалдын жаш футболчулары иорданиялык атаандашын утуп алды

© пресс-служба ФФКРНепалдын жаш футболчулары. Архив
Непалдын жаш футболчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Азия чемпионатынын (U-16) тандоо турунун алкагында Бишкек шаарында өттү.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Непалдын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы иорданиялыктар менен болгон беттеште жеңишке жетишкенин КР Футбол федерациясы билдирди.

Тренировка учурунда. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Азия мамлекеттеринин өспүрүм футболчуларынын беттешүүсү башталат
Азия чемпионатынын (U-16) тандоо турунун матчтары Бишкекте өтүүдө. Квалификациялык оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот. Кыргызстан Непал, Иордания жана Оман мамлекеттеринин командалары менен бир тайпада ойнойт. Оюндар 16,18 жана 20-сентябрь күндөрү өтөт. 

Аталган беттеште Непалдын футболчулары иорданиялык атаандашынан күчтүү экенин далилдеп, 2:1 эсебинде жеңишти камсыздады. Эки голду тең Режин Субба киргизсе, Иордания үчүн жалгыз топту Мухаммад Раид Мохаммад киргизген. Бүгүн, шаршемби күнү саат 22.00дө Кыргызстан менен Омандын командалары беттешет.

Азия чемпионатынын квалификациялык раундуна жаштардын 45 курама командасы катышат. 2016-жылы Индияда өтө турган финалдык бөлүккө 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана тайпалардан эң жакшы упай топтогон төрт команда чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0