Замирбек Сыргабаев Жефф Монсого сокку кылып жатат.

Кыргыз спортчусу океандын ары жагынан учуп келген атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды

6346
(жаңыланган 12:15 21.09.2015)
Чемпионаттын алкагында Кыргызстандык спортчулар АКШ, Россия, Бразилия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген атаандаштары менен 13 ирет беттешти.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. ММА JFC чемпиондугу үчүн мушташта кыргызстандык спортчу, депутат Замирбек Сыргабаев атаандашы америкалык Жефф Монсонду жеңип алды деп билдирди Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы чемпионат өтүп жаткан жерден.

  • ММА JFC чемпиондугу үчүн мушташта кыргызстандык спортчу, депутат Замирбека Сыргабаев атаандашы америкалык Жефф Монсонду жеңип алды.
    ММА JFC чемпиондугу үчүн мушташта кыргызстандык спортчу, депутат Замирбека Сыргабаев атаандашы америкалык Жефф Монсонду жеңип алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ММА JFC чемпиондугу үчүн мушташта кыргызстандык спортчу, депутат Замирбека Сыргабаев атаандашы америкалык Жефф Монсонду жеңип алды.

Монсон катышкан MMA боюнча Jash Kuch Fighting Championship (MMA JFC) өткөргөн турнир ишемби күнү Бишкек шаарында болду. Мында башкы беттешүү — америкалык спортчу Жефф Монсон менен кыргызстандык спортчу, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаевдин ортосунда өттү.

Чемпионаттын алкагында Кыргызстандык спортчулар АКШ, Россия, Бразилия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген атаандаштары менен 13 ирет беттешти. Анын 11и рейтинг, ал эми үчөө айыгышкан мушташ наамы үчүн жүрдү.

Монсон ADCC Submission Wrestling World Championship боюнча эки жолку жеңүүчү жана бразиялык жиу-житсунун дүйнө чемпиону. ММА эрежелери боюнча ал 78 жолу беттешип, анын 55инде жеңишке жеткен.

Сыргабаев — самбо, ММА, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, панкратион боюнча Евразия чемпиону, аны менен кошо эле Кыргызстандын панкратион боюнча абсолюттук чемпиону. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты.

6346
Белгилер:
Замирбека Сыргабаев, Жефф Монсон, чемпионат
Тема боюнча
Чемпион Федор Емельяненко Кыргызстанга келет
Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт

Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат

328
(жаңыланган 12:50 04.12.2021)
Жуманазарова быйыл төрт ири мелдешке катышып, 114 упай топтоо менен дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга жайгашкан. Биринчи жана үчүнчү сапта америкалык жана нигериялык спортчулар турат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова (68 кг) быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) 7 миң доллар сыйлык алат. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.

Эл аралык спорттук уюм узаган жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга эми жыл сайын акчалай сыйлык берилип турмакчы. Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы атлеттерге үч миң доллар сый акы каралган.

Жуманазарова быйыл төрт мелдешке катышып, 114 упай топтоо менен рейтингде экинчи орунга жайгашкан.

"Жуманазарова Азия чемпиону болгондо 18, Польшадагы чемпионатта коло алганда 12, Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду багындырганда 26 упай, Ослодо дүйнө чемпионатын жеңгенде 58 упай топтой алды", — деп жазылган уюмдун сайтында.

Рейтингдин сап башын 123 упай менен америкалык Тамира Менса ээлеген, ал эми үчүнчүдө 90 упай менен нигериялык Блессинг Оборудуду турат.

Мээрим кечээ "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды.

Буга чейин UWW кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбековага 10 миң доллар, Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбековго үч миң доллардан сыйлык бермей болгон

328
Белгилер:
UWW, Мээрим Жуманазарова, күрөш, рейтинг, сыйлык
Тема боюнча
UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
Тыныбекова менен Жуманазарова атаандаш. Өлкөдө мыкты спортчулар аныкталууда

Кыргыздар кошо гимн ырдап... Жуманазарова Велиеваны Москвада уткан видео

621
(жаңыланган 11:34 04.12.2021)
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова россиялык атаандашы Ханум Велиевадан мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди. Беттеш "Гран-при Москва — АЛРОСА" кубогунун алкагында болду.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында Кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Биринчи эле бөлүктө Мээрим адегенде контрчабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган. Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген. Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан. Үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган

621
Белгилер:
Кыргызстан, Мээрим Жуманазарова, күрөш, балбан, жеңиш, видео
Тема боюнча
UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
Дарбазачыга гол кирип атат. Иллюстративдик сүрөт

Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн машыктыруучунун жүрөгү кармап каза болду

0
(жаңыланган 18:55 04.12.2021)
Көз жумган машыктыруучунун командасы чечүүчү голду киргизген. Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялап, машыгуулар менен оюндарды жылдырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн башкы машыктыруучунун жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от نادي المجد السكندري (@almagdsportsclub)

Окуя Египеттин экинчи дивизионунун оюндарында болгон. "Аль-Мадж" клубу мелдештин 93-мүнөтүндө чечүүчү топту киргизип, оюнчулар менен машыктыруучулук штаб жеңишти майрамдаган. Бөтөнчө клубдун башкы машыктыруучусу Эль-Сельхедар маңдайы жарыла сүйүнгөн.

Оюн кайрадан уланган, көрүүчүлөрдүн көңүлүн эси ооп жыгылган машыктыруучу бурган. Ал жактагы медиктер көмөктөшүп, андан кийин Тез жардам кызматын чакырганы менен ооруканага жетпей көз жумган. Дарыгерлер жүрөгү токтоп калганын айтышкан. Ал 53 жашта болгон.

Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялаган. Команда машыгууларын токтотуп, оюндарды жылдырган.

0
Белгилер:
Египет, футбол, оюн, машыктыруучу, өлүм
Тема боюнча
Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео