Кыргызстандын футболчулары дүйнө чемпионатынын тандоо туруна даярдана баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федерация чет элдик клубдарда ойногон футболчулар машыгууларга кийинчерээк кошула турганын билдирди. Тажикстан менен биринчи беттешүү 8-октябрда өтөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кечээтен баштап Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан жана Бангладеш менен боло турган оюндарга даярдык көрө баштаганын Футбол федерациясы билдирди.

2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттешүүлөр Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Австралия — Кыргызстан оюнуна үч күндө 12 миң билет сатылды
Маалыматка ылайык, учурда башкы машыктыруучу үч дарбазачыны кошкондо жалпы жонунан 20 оюнчу менен иш алып барууда. Бардык футболчулары жалпы тайпада машыгып жатышат.

Кийинчерээк машыгууларга Тамирлан Козубаев, Эдгар Бернхардт, Ильдар жана Руслан Амировдор, Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс, Виктор Майер, Павел Матяш, Азамат Байматов жана Валерий Кичин келип кошулат. Булардын көпчүлүгү чет элдик футбол клубдары үчүн ойнойт.

Команда Кант шаарындагы футбол жана спорт борборунда машыгууда.

Төрт турдун жыйынтыгы менен тогуз упай топтого австралияктар ишенимдүү алдыда келе жатат. Экинчи орунда жети упай менен Иордания турса, андан кийин куржунунда төрт упайы бар Кыргызстан, акыркы орунда бирден упай алган Тажикстан менен Бангладеш турат.

Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0