Кыргызстан менен Тажикстандын мелдешине ирандык арбитрлер калыстык кылат

© пресс-служба ФФКРИрандык судья тобу. Архив
Ирандык судья тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын командасы менен беттешкенден кийин Кыргызстандын командасы өз үйүндө Бангладештин оюнчуларын кабыл алат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын мелдешине ирандык калыс Муд Бониядифар калыстык кыла турганын КР Футбол федерациясынан билдиришти.

2018-жылы болуучу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагындагы оюн 8-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8.00дө өтөт.

35 жаштагы ирандык 2013-жылдан тарта ФИФАнын калысы болуп эсептелет. Калыстык кылууга ага 41 жаштагы Реза Сохандан жана 37 жаштагы Мохаммедреза Мансури капталдагы сызыктардан жардам берет. Запастагы калыс катары Бижан Хейдари дайындалды.

Оюн алдында машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Тажикстан футбол беттеши белгиленген убакыттан кеч башталат
Төрт беттештин жыйынтыгы менен "В" тайпасында Австралия бардык мүмкүн болгон тогуз упайды топтоп, ишенимдүү түрдө алдыда келе жатат. Экинчи орунда Иордания (7 упай), андан кийин Кыргызстан (4 упай), Тажикстан (1 упай) жана Бангладеш (1 упай) келе жатат.

Теориялык жактан алганда бардык командалардын кийинки раундга өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн калган беш турда жеңишке жетиш керек.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0