Ирандын курама командасынын оюнчулары супсулуу айымдар экенине эксперт бөркүндөй ишенет

© AFP / MEHDI TOUTUNCHIИрандын кыз-келиндер курама командасы.Архив
Ирандын кыз-келиндер курама командасы.Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курама команданын бардык оюнчулары абдан сулуу экени сүрөттөн эле көрүнүп турганын ирандык спорт журналисти Мостафа Шоуги Sputnik Persian агенттигине билдирди.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ирандык журналист Мостафа Шоуги өлкөнүн мини-футбол боюнча аялдар курама командасынын бардык оюнчулары кыз-келиндер экенинен шек санабайт.

Стадион кассасында билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Тажикстан футболдук беттешүүсүнө билеттер сатылып баштады
Буга чейин Al-Arabiya жана Daily Mail басылмалары мини-футбол боюнча Ирандын курама командасынын сегиз оюнчусу жыныс мүчөсүн алмаштыруу кезегин күткөн эркектер деп жазып чыгышкан. Ирандын футбол жаатындагы аткаминерлери курама командаларда ойногон бардык оюнчуларды гендердик тесттен өтсүн деген талап койгонун басылмалар белгилейт. 

Бирок Ирандын "Хамшахри" гезитинин жетекчиси Шоуги мындай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын Sputnik Persian агенттигине билдирди. Ал мындай жалган маалымат тараткан басылмалар өзгөчө Al-Arabiya агенттиги "өздөрү мындан жети жыл мурун аялдардын курама командасынын айланасында чыгарган жалган маалыматтарын бул ирет да колдонду" деп түшүндүрмө берди.

"Команданын бардык мүчөлөрү супсулуу айымдар экени талашсыз. Алардын спорт министри Махмуд Гудерзи менен жакында эле түшкөн сүрөтүнөн баары көрүнүп турат", — деди ал.

Кыргызстан менен Тажикстандын мелдешине ирандык арбитрлер калыстык кылат
Шоугинин айтымында, Ирандын мини-футбол боюнча аялдар командасы хиджаб кийип ойногонуна карабастан бир катар ийгиликтерди жарата алды.

Спорт журналисти кыз-келиндердин курамасына байланышкан ушундай эле жаңжал 2008-жылы болгонун белгилейт.

Анда дыкат иликтөө болуп, гендердик тест тапшырылганын жана анын жыйынтыктары бардык жаңжалдарга чекит койгонун Шоуги кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0