Кыргызстан — Тажикстан беттешүүсүнө билеттер оюн күнү сатылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын формасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол федерациясы мындай чечимге буга чейинки тажрыйбалардан улам барганын айтууда.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстан — Тажикстан беттешүүсүнө оюн күнү билет сатылбай турганын Sputnik агенттигине Футбол федерациясынын маркетинг жана пиар департаментинин жетекчиси Анна Осмоналиева билдирди. 

Стадион кассасында билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Тажикстан футболдук беттешүүсүнө билеттер сатылып баштады
Эки команданын оюну 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатын тандоо турунун алкагында 8-октябрь күнү Бишкекте саат кечки сегизде өтөт. 15 миң билет 3-октябрдан баштап сатылууда.

Осмоналиеванын айтымында, оюн күнү билеттерди сатуудан алып салуу чечими Кыргызстан менен Австралиянын беттешүүсүнөн кийин кабыл алынган. Анда күйөрмандарды стадион ичине киргизүүгө убакыт келгенде айрымдардын билет сатып алуу үчүн кезекте турганы байкалган. Учурда сатылган билеттер тууралуу маалымат жок.

"Федерациянын өнөктөштөрү жана кызматкерлери, футболдун ардагерлери жана балдар үйлөрү үчүн чакыруу таратылды", — деди Осмоналиева.

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 9 орунга алдыга жылды
150 сомдон 700 сомго чейин бааланып жаткан билеттер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында гана сатылууда. Билеттер секторлордун өңүнө боелуп, ар бир сектор үчүн стадиондо өзүнчө эшик ачылат. 

Федерация бир колго бештен ашпаган билет сатылып жатканын белгилейт. Эгер билеттер жогорулатылган баа менен сатылып жатканын байкагандар болсо, федерацияга кайрылуу керектиги айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0